Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо учурунда Бишкек шаардык милициясы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт

 Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо учурунда Бишкек шаардык милициясы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт

Ленин району боюнча жалпы 51 жерде шайлоо участоктору иш алып барып, Бишкек шаардык ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Бул тууралуу КРнын ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Ички иштер министрлигинен кошумча күч-каражаттар тартылып, координациялоочу жумуштар жүргүзүлөт. Бул шайлоого даярдыктарды көрүүдө жана өткөрүүдө ички иштер органдарынын кызматкерлерине өз ыйгарымдарынын чегинде мыйзамдуулуктун сактылышын жана коомдук тартиптин камсыздалышын көзөмөлдөө боюнча бир катар тапшырмалар Ички иштер министрлигинде өткөн онлайн кеңешмеде  берилди.

“Жакында эле, шайлоого катыша турган бардык талапкерлерди, жалпыга маалымдоо каражаттарын, эл аралык жана жергиликтүү байкоочуларды, эксперттерди чакырып, өлкө башчысы  жыйын өткөрдү. Жыйында күч түзүмдөрүнө катуу тапшырмалар коюлду. Анын ичинде, добуш сатып алууга жол бербөө, эгерде добуш сатып алуу фактылары каттала турган болсо, анда катуу чараларды көрүү, шайлоо ишмердигине аралашпоо, ар бир орган өзүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде иш алып баруу жана башка бир катар багыттар белгиленди. Аны менен катар, бир дагы мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү саясатка аралашууга тыюу салынгандыгы негизги тапшырма катары айтылды. Ошондуктан, Президент тарабынан коюлган тапшырмаларды так аткаруу, шайлоо учурунда коомдук тартипти бекем сактап, мыйзам жана укук бузууларга жол бербөөнү – Бишкек шаардык ички иштер органдарына табыштайм. Шайлоо мыйзам бузуулары боюнча алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу иштерин жүргүзүп, иш алып барууну тапшырам. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы, Тергөө кызматы, Коомдук коопсуздук кызматы, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы, Басма сөз кызматы Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы менен тыгыз иш алып барып, бардык мыйзам бузууларга өз учурунда чара көрүү ишмердиги жүргүзүлсүн Андан тышкары, ички иликтөө кызматына тапшырма:

– бир дагы кызматкер шайлоого жана саясатка аралашпай, тартипти жана мыйзамды бузбай, өзүнө жүктөлгөн гана милдеттерди так аткаруусу көзөмөлгө алынсын. Шайлоо иш-чарасы боюнча Ички иштер министрлигинин тиешелүү буйругу менен иш-мерчеми бектилген жана баардык талаптар ишке ашырылсын. Бул багытта менин орун басарларым кураторлук жүргүзгөн тармактар боюнча көзөмөлгө алуу чараларын уюштуруңуздар”,-деп билдирди ИИМ башчысы онлайн чогулушту жыйынтыктап жатып.

ИИМдин башчысы  Улан Ниязбеков онлайн чогулуштун жүрүшүндө жогоруда белгиленип өткөн учурлардын негизинде бир катар тапшырмаларды ички иштер органдарынын жетекчилерине  коюп, аны кынтыксыз аткаруу керек экенин белгиледи.

Связанный пост