37 млн евро өлчөмүндөгү “Агрофинансылоонун кошумча нарк чынжырчасы” долбоору ишке кирди

 37 млн евро өлчөмүндөгү “Агрофинансылоонун кошумча нарк чынжырчасы” долбоору ишке кирди

37 млн евро өлчөмүндөгү “Агрофинансылоонун кошумча нарк чынжырчасы” долбоору ишке кирди. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоор фермерлерге жана бизнеске улуттук валютада узак мөөнөттүү айыл чарба инвестициялык кредиттерин алууга жардам берет.

Немис өнүктүрүү банкы (KFW) Кыргызстанга 10 млн евро өлчөмүндө грант берет. Ал каражат долбоорго катышуунун негизинде тандалган каржы мекемелерине бөлүнүп, фермерлерге насыя берүү үчүн багытталат.

Мындан тышкары, Европа өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) 22 млн евро өлчөмүндө кредиттик линия бөлөт.

5 млн евро Борбор Азия үчүн Инвестициялык фондунан (учурда APIF – Азия-Тынч океан инвестициялык фонду деп аталат), агрардык-финансы секторун колдоого, фермерлерге жана агробизнестерге жабдууларды жаңыртуу жана заманбап технологияларды колдонууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн Европа Биримдиги (ЕБ) тарабынан каржыланат.

2023-жылдын 6-апрелинде Кыргызстан менен Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) ортосунда агрофинансы секторун колдоо боюнча “Агрофинансылоонун кошумча нарк чынжырлары, 2-фаза” долбоорун ишке ашыруу боюнча гранттык финансылык макулдашууга кол коюлган.

Колдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча федералдык министрлигинин ортосундагы 2015-2016-жылдарга финансылык жана техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашуунун алкагында көрсөтүлөт (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 20-майындагы № 66 Мыйзамы менен ратификацияланган)

Долбоор AFC (Айыл чарба жана финансы боюнча консультанттар) тарабынан CAIConsulting менен чогуу КР Финансы министрлигинин жана Айыл чарба министрлигинин колдоосу жана активдүү катышуусу менен ишке ашырылууда.

 

Связанный пост