Жогорку Кеңеште КРнын Конституциясынын кабыл алгандыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү

Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмиль Осконбаев, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер жана башка чакырылган коноктор катышты.

Алгач, биринчи Баш мыйзамдын кабыл алгандыгынын 30 жылдыгына арналган документалдык тасма көрсөтүлдү.

Салтанаттуу конференцияны ачкан Төрага Нурланбек Шакиев, азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн укуктук негиздерин бекемдеген Кыргыз Республикасынын биринчи Баш мыйзамынын маанилүүлүгүн белгилеп, салтанаттын катышуучуларын, бардык кыргызстандыктарды Конституциянын 30 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Андан соң сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров ар бир мамлекеттин конституциясынын мазмуну мезгилдин талабына ылайык, глобалдашкан доордун суроо-талаптырына жана геосаясий кырдаалга жараша өркүндөтүлүп жана жаңыланып турарын айтып:

“Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошондуктан 30 жылдын ичинде негизги мыйзамга бир нече жолу өзгөртүүлөр киргизилген. Акыркы Конституцияга 2021-жылдын 5-майында КР Президенти Садыр Жапаров кол койду. Кыргыз эли мамлекетти өнүгүүгө алып баруучу оптималдуу туура башкаруу моделин тандап алды десек жаңылышпайбыз. Конституцияны колдоп берген элибизге терең ыраазычылык”, – деди А.Жапаров.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмиль Осконбаев: “Өлкөнүн Баш мыйзамына киргизилген көптөгөн өзгөртүүлөргө карабастан 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Конституциянын негизги принциптери бүгүнкө күнгө чейин өзгөрүүсүз бойдон калууда. Дал ушул Конституция акыркы 30 жылдан бери мамлекетибиздин укуктук, саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түрткү болуп, тиешелүү шарттарды түзүп келе жатат”, – деп кошумчалады Э.Осконбаев.

Өз кезегинде Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин (Легендарлуу парламент) экс-төрагасы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов, 1993-жылы биринчи Конституциянын кабыл алынышы кыргыз малекетинин тарыхында түбөлүк кала турган маанилүү окуя экенин белгиледи.

“1990-жылдын 15-декабрында Легендарлуу парламент тарабынан Кыргыз Республикасынын суверендүүлүгү жөнүндө Декларация – эгемендүү Кыргызстандын башатын, пайдубалын түзгөн эң жогорку документ кабыл алынган”, – деген М.Шеримкулов 1991-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө Декларация, биринчи Конституция – аталган Декларациянын түздөн-түз уландысы болуп саналарын айта кетти.

Муну менен катар Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨП) Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен, катышуучуларды куттуктап, Конституция мамлекет менен жарандардын ортосундагы негизги келишимдик документ катары адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышын кепилдеген, эркектер менен аялдардын тең укуктуулугун белгилеген, жарандардын жана социалдык өнүгүүнү камсыз кылган адилет коомду түзүүгө багытталган негизги мыйзам экенин баса белгиледи.

Ошондой эле Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов тарыхый күндүн маанилүүлүгү тууралуу сөз кылып: «Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары Легендарлуу парламент катары тарыхта калган 12-чакырылыштагы Кыргыз ССРнин Жогорку Совети Кыргызстандын эгемендүү суверендүү мамлекет катары иштешинин укуктук пайдубалын бекемдеген көптөгөн маанилүү чечимдерди кабыл алган», – деген Алексей Рогов Кыргызстан демократияга, мыйзам үстөмдүгүнө жана адам укуктарын колдоого негизделген принциптерди жана баалуулуктарды өнүктүрүүгө жигердүү салым кошуп келе жатканын кошумчалады.

Андан тышкары, Жогорку Кеңештин имаратынын фойесинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алгандыгынын 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө уюштурулду.

Связанный пост