Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы 1-майынан тартып күчөтүлгөн тартиптеги кызмат өтөөгө өтүшөт

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы 2023-жылдын 1-майынан тартып күчөтүлгөн тартиптеги кызмат өтөөгө өтүшөт. Бүгүн бул тууралуу ИИМдин май майрамдарын өткөрүүдө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча атайын буйругу Ош шаарынын горнизондук разводунда өздүк курамга жеткирилди. Бул иш чарага Ош ШИИБнын өздүк курамы, ички аскерлер, милициянын атайын багыттагы полкунун жана күзөт кызматынын кызматкерлери катышышты. Кызматкерлердин кызмат өтөөгө даяргерчиликтери, атайын формалары текшерилди. Аныкталган айрым кемчиликтерди тез арада жоюу талабы коюлду.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Канатбек Жумаев тарабынан өздүк курамга кошумча нускамалар берилди. Бул күндөрү жарандарга сылык мамиле жасоо менен жүктөлггөн милдеттерди так, убагында аткаруусу, мыйзамдуулук менен кызматтык тартипти бекем сактоо эскертилди: «Ар бир кызматкерден кызматтык тартипти бекем сактап, жарандардын укуктарын коргоодо, кылмыштуулуктун алдын алууда мыйзам чегинде так жана чечкиндүү аракеттерди көрүүнү буюрамын!»,-деди Канатбек Жумаев.

Иш чара салтанаттуу жүрүш менен аяктады.

Связанный пост