Салык кызматы декларация тапшырууну акыркы күнгө калтырбоого чакырат

 Салык кызматы декларация тапшырууну акыркы күнгө калтырбоого чакырат

Мамлекеттик салык кызматы жарандарды жана жеке ишкерлерди салык декларациясын тапшырууну акыркы күнгө калтырбоого чакырат. Декларацияны тапшыруу мөөнөтү 1-майда аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматытынын басма сөз кызматы билдирди. 

Жеке ишкерлер декларацияны электрондук түрдө гана, ал эми жеке жактар тандоосу боюнча – электрондук же кагаз жүзүндө тапшырса болот.

1-майга чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырышы керек:

– жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;

– менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар;

– юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;

– илимий-изилдөө, чыгармачыл, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жана аткаруу-тескөөчү иш-милдеттерге байланышпаган калкты тейлөө боюнча башка ишти жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган мекеменин, уюмдун кызматкерлери;

– мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;

– эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;

– жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жак.

Связанный пост