Минкаб Төрагасы менен КЭР СУАР Партиялык комитетинин Катчысынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров менен Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий Бюросунун мүчөсү, Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) Партиялык комитетинин Катчысы Ма Синжуйдун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

– Кытай Эл Республикасына электр энергиясын экспорттоо жөнүндөгү меморандум;

– Кыргызстан-Кытай 500 кВ электр өткөргүч линиясын жана чакан ГЭСтерди куруу жөнүндөгү меморандум;

– Кыргыз Республикасынын – КЭР СУАР Ишкерлер кеңешин түзүү жөнүндөгү макулдашуу;

– Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусу менен КЭР СУАРынын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндөгү протоколу;

– Синьцзян медициналык университетинин экинчи ооруканасы менен медициналык кызматташуу боюнча макулдашуу;

– “Или-Синхэ” ЖЧШ жана “БТК” ЖЧКсынын ортосунда автоунааларды сатып алуу боюнча келишим.

 

 

Связанный пост