Бажычылар 6 млн сомдон ашык баадагы белгилүү бренддердин товарларын контрабандалык жол менен алып кирүүгө бөгөт койду

«Манас» бажысынын Контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери КР УКМК кызматкерлери менен биргеликте ЕАЭБ жана КР бажы мыйзамдарын бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө, «Манас» аэропортунун аэробекет комплексинде жүргүнчүлөргө бажы көзөмөлдөө жүргүзүүдө контрабандалык товарларды алып өтүү фактысын табышкан.
«Манас» эл аралык аэропортунун келүү зонасында бажы көзөмөлүнүн аймагынан өтүүдө КР жараны жалпы таза салмагы 51,70 гр. болгон, сары жана ак түстөгү металлдан жасалган зер буюмдарын бажы көзөмөлүнөн жашыруу фактысы боюнча кармалган.
Жарандын коштоочу жүгүндө 3 даана «Rolex» кол сааттары, товардык маркасы жок кол сааттар – 2 даана, ошондой эле кийимдердин, бут кийимдердин, сумкалардын ассортименти аныкталган.
Жогорудагы товарлар Бишкек шаарындагы интернет-дүкөндө сатуу үчүн арналган. Кармалган товарлардын орточо базар баасы КР Соода-өнөр жай палатасынын экспертизасынын актысына ылайык 6,1 млн сомду түздү.
Факт КБР АДС МКЖга катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Связанный пост