2023-жылга республикалык бюджеттен Нарын облусуна 478,9 млн сом каралат
2022-жылы Нарын облусуна 505,1 млн сом бөлүнгөн. 2023-жылга 478,9 млн сом каралат. Бул тууралуу КР Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Нарын облусу боюнча 2022-жылдын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары жалпысынан 505,1 млн сом акча каражаты каржыланган, алар:
- Теңдөөчү трансферт– 227,2 млн. сом;
- Максаттуу трансферттеркатары жалпы 277,8 млн.сом анын ичинен:
- Ыйгарым укуктарды берүүгө – 36,5 млн. сом;
- Муниципалдык кызматкерлердин айлык акысынын жогорулашына – 111,6 млн. сом;
- Маданият кызматкерлердин айлык акысынын жогорулашына- 51,6 млн. сом;
- Башкы планга-3,8 млн. сом;
- Электрэнергиясына болгон 50% компенсациясына- 42,5 млн. сом;
- Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 16,4 млн. сом;
- Мыкты Айыл өкмөтү наамына – 0,5 млн. сом
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылык тартыштыгына – 14,9 млн. сомду түздү
Нарын облусу боюнча 2022-жылдын ичинде 34 долбоор ишке ашырылып, ага 70,7 млн. сом акча каражаты каржыланды, анын ичинен:
- Мектептерге 10 долбоор- 20,1 млн.сом;
- Саламаттыкты сактоо мекемелерине 2 долбоор- 5,0 млн сом;
- Инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилери 4 долбоор – 7,7 млн. сом
- Спорттук курулуштарга 3 долбоор- 6,2 млн сом;
- Маданий маанидеги обьектилер 6 долбоор – 12,8 млн сом;
- Бала-бакчаларга 9 долбоор – 18,9 млн. сомго акча каражаты каржыланды.
Капиталдык салымдар беренесинен Нарын облусу боюнча 2022-жыл ичинде 487,4 млн сом каралган, толугу менен каржыланган.
2023-жылга республикалык бюджеттен Нарын облусуна 478,9 млн сом каралат.
Райондор боюнча төмөндөгүдөй:
- Кочкор району- 97,4 млн. сом;
- Ат-Башы району- 110,3 млн. сом;
- Ак-Талаа району- 86,2 млн. сом;
- Жумгал району- 86,9 млн. сом;
- Нарын району- 98,1 млн. сом;