Быйыл Жалал-Абад облусуна 558,6 млн сом каралды
Быйыл Жалал-Абад облусуна 677,7 млн сом бөлүнгөн. 2023-жылы 558,6 млн сом менен бекитилди. Бул тууралуу КР Финансы министрлигинин басма сөз бөлүмү маалымдады.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусу боюнча 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары 677, 7 млн сом каржыланган. Жалал-Абад облусу боюнча 2022-жылдын ичинде 57 долбоор ишке ашырылып, ага 121,1 млн сом каржыланды. Капиталдык салымдар беренесинен 2022-жыл ичинде 1,4 млрд сом толугу менен каржыланды.
Ал эми 2023-жылга республикалык бюджеттен 558,6 млн сом каралат.
Алардын:
- Аксы району- 100,3 млн сом;
- Ала-Бука району- 49,6 млн сом;
- Базар-Коргон району- 82,3 млн сом;
- Ноокен району- 70,4 млн сом;
- Сузак району- 100,2 млн сом;
- Тогуз-Торо району- 44, 5 млн сом;
- Токтогул району- 83,6 млн сом;
- Чаткал району- 13 млн сом;
- Көк-Жаңгак шаары- 14,4 млн сомду түздү.