Транспорттук көзөмөл: 10 айда бюджетке 385 млн сом түштү
Кыргызстанда 2026-жылдын январь-октябрь айларында транспорттук көзөмөлдүн жыйынтыгында республикалык бюджетке 384 млн 895 миң сомдон ашык каражат түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде 740 миңге жакын унаа текшерилип, 12 миң 457 укук бузуу аныкталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 56,36%га көп.
Каражаттын негизги бөлүгү айып пулдардан (186,6 млн сом), салмак-габариттик көзөмөлдөн (11,1 млн сом), жолго келтирилген зыянды төлөтүүдөн (19,9 млн сом) жана уруксат кагаздарын берүүдөн түшкөн.
Жалпы түшкөн каражат 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,2%га көбөйгөн.