Айдоочулук сынактар экзаменаторсуз өткөрүлүшү мүмкүн

 Айдоочулук сынактар экзаменаторсуз өткөрүлүшү мүмкүн

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн практикалык сынактарды экзаменатордун катышуусусуз өткөрүү пландалууда.

Унааларды жана айдоочуларды каттоо боюнча мамлекеттик борбордон билдиришкендей, анын ордуна видеокамералар жана автоматташтырылган система колдонулушу мүмкүн.

“Учурда долбоор пландаштыруу баскычында турат. Пилоттук долбоорду 2027-жылдын биринчи чейрегинде баштоо каралууда”, – деп билдиришти агенттиктен.

Белгиленгендей, жаңы система практикалык сынактын ачыктыгын жана калыстыгын камсыздап, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган.

Связанный пост