Сауд Аравияда калган 250дөн ашык зыяратчы жатаканага жайгаштырылды
“Нур Умра Трэвел” туристтик компаниясы аркылуу умрага барган 250дөн ашык кыргызстандык Сауд Аравияда мекенине кайта албай калып, убактылуу жатаканага жайгаштырылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын умра бөлүмүнүн башчысы Абдулазиз Туташпаев билдирди.
“Бул жагдайга байланыштуу муфтий Абдулазиз Закировдун тапшырмасына ылайык атайын комиссия түзүлдү. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Сауд Аравиядагы өкүлдөрү жана мекендештердин жардамы менен умрага барган жарандар жатаканага жайгаштырылды. Учурда алардын коопсуздугу толук көзөмөлгө алынды”, — деди ал.
Туташпаевдин айтымында, учурда зыяратчыларга авиабилеттерди алуу маселеси каралууда. Муфтият бардык жарандарды жакынкы эки күндүн ичинде Кыргызстанга кайтарууну пландаштырууда.
Эске салсак, буга чейин “Нур Умра Трэвел” компаниясынан жолдомо сатып алган 100дөн ашык кыргызстандык умрага бара жатканда Ташкентте кармалып калган. Алардын көбүндө виза жана авиабилет болгон эмес. Компаниянын жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалган. Бүгүн ведомстволор аралык комиссия аталган туристтик компаниянын 2026–2027-жылдардагы умра сапарларын уюштурууга берилген аккредитациясын жокко чыгарды.
Муфтияттын маалыматына караганда, буга чейин умра сапарларын уюштурууга 36 туристтик компания аккредитация алган болсо, “Нур Умра Трэвел” компаниясынын аккредитациясы токтотулгандан кийин алардын саны 35ке кыскарды.
Ошондой эле ноябрь жана декабрь айларында зыяратчылардын саны кыйла көбөйүшү күтүлүүдө. Ушуга байланыштуу жарандарга сапарга чыгуудан мурда документтерди жана жолдомонун шарттарын кылдат текшерүү, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды эске алуу жана күтүлбөгөн жагдайлар жаралса, мекенине кайтуу тартибин алдын ала тактоо сунушталды. Мындан тышкары, зыяратчыларды Кыргызстандан түз учуруу мүмкүнчүлүгүн кароо сунушу айтылды, анткени бул кырдаалды көзөмөлдөөнү жана зарыл учурда жардам көрсөтүүнү жеңилдетет.