Иш берүүчүлөр бош жумуш орундарын жарыялоого милдеттендирилди

 Иш берүүчүлөр бош жумуш орундарын жарыялоого милдеттендирилди

Кыргызстанда иш берүүчүлөр жаңы түзүлгөн же бошогон ар бир жумуш орду тууралуу маалыматты, анын ичинде эмгек шарттарын жана айлык акынын өлчөмүн мамлекеттик порталга жайгаштырууга милдеттүү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, бул талап Эмгек кодексинин 16-беренесинде каралган.

Бул мүмкүнчүлүктөр бүгүн Эл аралык университетинде өткөн бош жумуш орундарынын жарманкесинде тааныштырылган jumush.gov.kg порталы аркылуу ишке ашырылат.

Аталган платформа иш берүүчүлөргө бош орундарды жарыялоого, ылайыктуу адистерди издөөгө жана талапкерлер менен түз байланышууга шарт түзөт. Жумуш издеген жарандар болсо өлкө боюнча вакансияларды карап, резюмелерин жайгаштырып, иш берүүчүлөргө түз кайрыла алышат.

Порталды Эмгек министрлиги Башкы прокуратурага караштуу “Укук” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте иштеп чыккан. Анын бардык кызматтары акысыз көрсөтүлөт.

Связанный пост