Кыргызстанда 14 медициналык окуу жайдын жетекчисине сөгүш берилди

 Кыргызстанда 14 медициналык окуу жайдын жетекчисине сөгүш берилди

Кыргызстанда мамлекеттик медициналык билим берүү уюмдарынын 14 жетекчисине билим берүү процессинин сапатын талаптагыдай камсыздабаганы үчүн сөгүш жарыяланды. Мындай чечим 24-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиялык жыйынында кабыл алынган.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, тартиптик жаза мамлекеттик аккредитациядан бир жылдык мөөнөткө өткөн окуу жайлардын жетекчилерине карата колдонулган. Алардын арасында медициналык колледждер, С. Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту жана анын түштүк филиалы, академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору, Эне жана баланы коргоо улуттук борбору бар.

Мындан тышкары, төрт мамлекеттик университеттин ректорлоруна медициналык факультеттердин декандарына карата билим берүүнүн сапатын талаптагыдай камсыздабаганы жана кызматтык милдеттерин аткарбаганы үчүн тартиптик чара көрүү маселесин кароо сунушталды.

Саламаттык сактоо министрлиги биринчи жолу медициналык билим берүүчү бардык деңгээлдеги мамлекеттик уюмдарды аккредитациядан өткөргөн. Анын жыйынтыгында бир катар окуу жайлар белгиленген талаптарга жооп бербей турганы аныкталган.

Жыйындын соңунда билим берүү уюмдарынын жетекчилерине окутуунун сапатына көзөмөлдү күчөтүү, студенттерди атайын системада так каттоо, кабыл алуу жана бүтүрүү көрсөткүчтөрүнүн динамикасын талдоо, ошондой эле максаттуу даярдоо жана бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу маселелерин көзөмөлдөө тапшырылды.

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов мыйзам талаптарын сактоо жана медициналык билим берүүнүн сапаты үчүн жетекчилердин жоопкерчилигин жогорулатуу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле тиешелүү уруксат документтери жана мамлекеттик аккредитациясы жок уюмдардын ординаторлорду даярдоосуна жол берилбеши керектигин айтты.

Связанный пост