Кыргызстанда өзгөчө балдардын саны 36 миңден ашты
Кыргызстанда өзгөчө балдардын саны бүгүнкү күндө 36 миң 486га жетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржамал Төрөбекова билдирди.
Анын айтымында, бул көрсөткүч 2016-жылы 29-30 миңдин тегерегинде болгон. Орточо эсеп менен 900-1000 балага көбөйүп жаткандыгынан кабар берет.
“Бирок бул расмий каттоого тургандар гана. Коомдун кабыл алуусунан чочуп, же маалыматы жок каттоодон өтпөй жүргөн балдарды кошсок чыныгы сан мындан алда канча көп”, – деди ал.
Ошондой эле эл өкүлү мамлекеттик реабилитациялар жетишсиз болгондугуна байланыштуу миңдеген ата-энелер жеке борборлорго кайрылууга мажбур болушууда.
“Жеке борборлордо кызмат акысы саатына орточо эсеп менен 800-1200 сомго чейин жетет. Демек бир үй-бүлө баласына 60 миң сомдой каражат коротот. Ошондуктан Кыргызстандын ар бир облусунда мамлекеттик диагностикалык жана реабилитациялык борборлор ачылышы шарт”, – деп айтты депутат.