Бишкекте токтоп турган автобус кокустан жүрүп кетип, айдоочусу каза тапты
Бишкекте токтоп турган автобус кокустан жүрүп кетип, айдоочусу каза тапты.
Мэриядан билдиришкендей, 19-ноябрда №2 каттамдагы электробус саат 16:05тер чамасында Кең-Суу көчөсүндөгү “Фрунзе” заводунун жанындагы акыркы аялдамада турганда өз алдынча жүрүп кеткен.
Алдын ала маалыматтар боюнча, электробустун айдоочусу унааны токтоткондон кийин (кол) тормозуна койгон эмес. Натыйжада электробус Интергельпо көчөсүн кесип өтүп, жол боюнда токтоп турган Toyota Prius жана Mazda үлгүсүндөгү унааларды сүзгөн.
“Айдоочу электробусту токтотууга аракет кылган учурда оор жаракат алган. Көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан, айдоочу ооруканада каза болгон. Окуя болгон учурда электробустун ичинде жүргүнчүлөр болгон эмес”, – деп айтылат маалыматта.
Мэрия кырсыктын келип чыгуу себептерин жана жагдайларын иликтөө, ошондой эле тиешелүү чараларды көрүү максатында атайын комиссия түзүлөрүн белгиледи. Иликтөөнүн жыйынтыгында ишкана тарабынан компенсация төлөө маселеси каралат. Мындан тышкары, жол кырсыгынан жабыркаган унаалардын ээлерине келтирилген материалдык чыгымдын ордун толтуруу маселеси камсыздандыруу төлөмдөрүнүн алкагында чечилет.
Учурда тиешелүү органдар тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда.