Өлкөдө 23 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды
2026-жылдын 10 айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 23 миң 414 үй-бүлөлүк зомбулук учурлары катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5160 фактыга көп.
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга карата 19 миң 345 убактылуу коргоо ордери берилген. Былтыр болсо анын саны 14 миң 326ны түзгөн.
Быйыл коргоо ордерлери 17 миң 699у аялдарга, 1128и жабыр тарткан эркектерге жана 520сы жашы жете электерге берилген.
Үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча менен камакка алынган жарандардын саны 3901ди түздү. Коомдук ишке тартылган жарандардын саны 2362ге жеткен. Ал эми 454 учур боюнча сот тарабынан айып пул салынган.
Жалпысынан үй-бүлөлүк зомбулук фактысына байланыштуу 535 кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө