Эски эмерек, керексиз буюмдар: Бишкекте таштандылар массалык түрдө чыгарылат

 Эски эмерек, керексиз буюмдар: Бишкекте таштандылар массалык түрдө чыгарылат

Бишкекте 20-21-ноябрь күндөрү топтолгон таштандылар массалык түрдө чыгарылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан уюштурулган иш-чара борбор калаанын бардык райондорун камтыйт. Бул күндөрү шаар тургундары үйүндө топтолуп калган таштандыларды, керексиз буюмдарды жана тиричилик калдыктарын таштанды контейнерлери жайгашкан аянтчаларга алып чыгып коюшу керек.

Аларды “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери атайын техникалар менен чыгарып кетишет.

“Бул бир жолку иш-чара шаар тургундарына ири көлөмдөгү таштандылардан арылууга жана короолорду иретке келтирүүгө мүмкүнчүлүк берет, жарандарды акцияга активдүү катышууга чакырабыз”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост