Кыргызстандын эти менен балы Сауд Аравияга экспорттолушу мүмкүн

 Кыргызстандын эти менен балы Сауд Аравияга экспорттолушу мүмкүн

Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабиянын айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри Абдурахман бин Абдульмухсин Аль-Фадли менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө айыл чарба, айлана-чөйрөнү коргоо, соода жана инвестициялар тармактарында кыргыз-сауд кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Улукбек Марипов кыргыз тараптын соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө, анын ичинде Кыргызстандын эт азыктарын жана табигый балын Сауд Арабиянын рыногуна экспорттоону уюштурууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Ошондой эле 2027-жылдын биринчи жарымында кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комитетинин 5-жыйынын өткөрүүнүн, кол коюлган “Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө” меморандумду ишке ашырууну активдештирүүнүн, ошондой эле жашыл долбоорлорду көмүртек кредиттерине алмашуу механизми боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.

Буга байланыштуу элчи Кыргызстандын айыл чарба жана экология тармактарындагы келечектүү инвестициялык долбоорлору боюнча презентациялык материалдарды тапшырып, сауд тарапты аларды ишке ашырууга катышууга чакырды.

Өз кезегинде Абдурахман бин Абдульмухсин Аль-Фадли соода-экономикалык кызматташтык менен катар айыл чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо тармактарында дагы тыгыз өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү зарылдыгы тууралуу элчинин пикирине кошулду.

Өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча өз министрлигинин багытында зарыл болгон көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Связанный пост