Баштапкы төлөмсүз ипотека жана унаа: Кепилдик фонду 2,7 млрд сом насыя берди

 Баштапкы төлөмсүз ипотека жана унаа: Кепилдик фонду 2,7 млрд сом насыя берди

“Кепилдик фонд” ААК 2026-жылдын январь-октябрь айларында жалпы суммасы 623,9 млн сомдук 711 кепилдик берди.

Фонддун маалыматына караганда, алардын жардамы менен жарандарга 2,69 млрд сомдук ипотекалык жана автокредиттер берилди.

“Келечек” продуктусунун алкагында баштапкы төлөмсүз ипотека алуу үчүн 489 млн сомдук 395 кепилдик берилген. Анын негизинде жалпы суммасы 2,06 млрд сомдук ипотекалык кнасыялар берилди.

Маалымат үчүн: “Келечек” жана “Унаа” кепилдик продуктулары 2025-жылы ишке киргизилген. Ошондон бери фонд жалпы суммасы 808,7 млн сомдук 970 кепилдик берип, 3,47 млрд сомдук насыялардын берилишине көмөктөшкөн.

Связанный пост