Ташкентте калган кыргызстандык зыяратчыларга муфтийдин орун басары барат
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгында Ташкент шаарындагы аэропортто умра сапарына уча албай калган кыргызстандык зыяратчылардын абалы жана аларды мекенге кайтаруу маселеси каралды.
Муфтияттан билдиришкендей, анда Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү зыяратчылардын абалы тууралуу маалымат берип, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин өкүлдөрү менен түз байланыш аркылуу алардын коопсуздугу жана учурдагы жагдайы такталды.
Ошондой эле “Нур Умра Трэвел” ЖЧКсынын ишмердүүлүгү каралып, компаниянын жетекчиси Мирзат Кошоева чакырылып, түзүлгөн кырдаал боюнча түшүндүрмө берди.
Комиссия Ташкент аркылуу умра сапарына чыга албай калган жарандардын маселесин ыкчам чечүү жана аларды Кыргызстанга кайтаруу боюнча тиешелүү талаптарды койду.
Мындан тышкары, зыяратчылардын абалынан жеринде кабар алуу жана алар менен жолугушуу үчүн муфтийдин орун басары Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги менен биргеликте Ташкентке барып, жарандар менен жолугушмай болду.
“Нур Умра Трэвел” компаниясынын өкүлдөрүнө да зыяратчыларга жеринен барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана маселелерди чечүүгө активдүү катышуу тапшырылды.
Муфтият “Нур Умра Трэвел” ЖЧКсы аркылуу сертификат алып, умрага барууну пландап жаткан жарандарды, ошондой эле башка мекендештерди кырдаал турукташканга чейин коңшу өлкөлөр аркылуу сапарга чыкпоого чакырды. Башкармалык сапарга байланыштуу маалыматтарды алдын ала тактоону өтүндү.
“Учурда Бишкек жана Ош шаарларындагы эл аралык аэропорттордон Сауд Арабияга SalamAir, Air Arabia жана Flyadeal авиакомпанияларынын каттамдары жеткиликтүү. Алар зыяратчыларды күн сайын ташууга мүмкүнчүлүк түзөт”, – деп айтылат маалыматта.