Дыйкан-фермерлерге 11,9 млрд сомдук жеңилдетилген насыя берилди
Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын тогуз айында мамлекеттик жеңилдетилген насыялоо программалары аркылуу 10 миң 476 дыйкан-фермерге жалпы 11,9 млрд сом каржылык колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен “Айыл чарбасын каржылоо-14” долбоорунун алкагында 5,4 млрд сом, агроөнөр жай комплексин насыялоого 5,3 млрд сом жана асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 1 млрд сом бөлүнгөн.
Мындан тышкары, айыл чарба техникаларын жаңылоо багытында 2025-жылы лизингдик долбоорлор аркылуу 9,8 млрд сомго 2 миң 853 техника берилген. Ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 5,8 млрд сомго дагы 1 миң 975 айыл чарба техникасы тапшырылган.
Ошондой эле 1-октябрда Кыргызстанда иштелип чыккан алгачкы спутник космоско учурулганы да маалымдалды. Ал эми айыл чарба жерлерин изилдөө үчүн 12 дрон колдонулган. Спутниктен жана дрондордон алынган маалыматтар жайыттарды калыбына келтирүү иштеринде пайдаланылат.