COP31: Адылбек Касымалиев Кыргызстандын улуттук павильонуна барды
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “Тоо күн тартибин илгерилетүү: мөңгүлөр, криосфера жана глобалдык жылуулануу белгиленген чектен ашкан шартта туруктуулукту камсыз кылуу, жалпы жоопкерчилик жана туруктуу каржылоо” аттуу жогорку деңгээлдеги иш-чарада сөз сүйлөдү. Бул иш-чара учурда Анталья шаарында өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын Тараптар конференциясынын 31-сессиясынын (COP31) алкагында уюштурулду.
Климаттык саммиттин алкагында Кыргыз Республикасы Тажикстан Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы, Бутан Падышалыгы жана Непал Федеративдик Демократиялык Республикасы менен биргеликте кошумча иш-чара уюштурду.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн Министрлер Кабинетинин Төрагасы өнөктөштөргө жана биргелешип уюштуруучуларга эл аралык климаттык күн тартибин алдыга жылдыруудагы, ошондой эле тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүдөгү биргелешкен аракеттери үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Ал Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында жана климат боюнча эл аралык процесстерде тоолорго багытталган күн тартибин ырааттуу түрдө алдыга жылдырып келе жатканын белгиледи. Кыргызстандын демилгеси менен жарыяланган “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер 2023–2027-жж.” эл аралык күч-аракеттерди бириктирүү үчүн маанилүү негиз болуп калды.
“Биздин негизги позициябыз – тоолорго байланыштуу эл аралык күн тартиби тоолуу аймактардын калкы үчүн реалдуу натыйжаларды берип, алардын климаттын өзгөрүшүнө карата аялуулугун азайтууга жардам бериши керек. Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында Тоолордун туруктуу өнүгүүсү боюнча глобалдык борборду түзүү демилгеси дал ушул көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Бул борбор илимий тажрыйбаны бириктирүүгө, тоо экосистемаларынын жана криосферанын абалын изилдөөгө, ошондой эле эл аралык каржылоону тартуу үчүн жогорку сапаттагы долбоорлорду иштеп чыгууга шарт түзгөн эл аралык аянтча катары кызмат кылууга тийиш”, – деди ал.
Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы каржылык ресурстардын жетишсиздиги жана эл аралык климаттык каржылоого жеткиликтүүлүктүн чектелүүсү тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүдөгү негизги тоскоолдуктардын бири бойдон калып жатканын белгиледи. Ал климаттын өзгөрүшүнө эң аз жоопкерчилиги бар өнүгүп келе жаткан өлкөлөр, анын кесепеттерин жоюу үчүн карыз алууга аргасыз болбошу керектигин белгиледи.
“Биз эл аралык коомчулукту Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу астында, бийик тоолуу уникалдуу Ысык-Көл көлүн сактап калууга багытталган атайын биргелешкен ишеним фондун түзүү демилгесин колдоого чакырабыз. Акыркы он жылдыктарда көлдөгү суунун деңгээлинин төмөндөшү олуттуу тынчсызданууну жаратууда. Ысык-Көлдү сактап калуу бүтүндөй Борбор Азия аймагынын экологиялык туруктуулугу үчүн өтө чоң мааниге ээ. Биз саясий билдирүүлөрдөн ары жылып, табигый экосистемаларды сактоо боюнча натыйжалуу каржылык механизмдерди ишке ашыруу зарыл деп эсептейбиз”, — деди ал.
Адылбек Касымалиев өз сөзүндө 2027-жылдын 21–23-октябрында Кыргыз Республикасынын борбор шаарында өтө турган “Бишкек+25” экинчи глобалдык тоо саммити эл аралык тоо күн тартибин мындан ары илгерилетүүдө маанилүү этап болорун белгилеп, эл аралык өнөктөштөрдү бул иш-чарага катышууга чакырды.
Форумдун ишине уюштуруучу өлкөлөрдүн жогорку даражалуу өкүлдөрү, ошондой эле Түркия, Азербайжан, Лесото, Өзбекстан, Армения, Франция, Улуу Британия жана Андорранын өкүлдөрү катышты.
Катышуучулардын катарында ошондой эле Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ), ЮНЕСКОнун, Климаттын өзгөрүшүнө аялуу өлкөлөр форумунун (CVF–V20), Тоолуу аймактарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча эл аралык борбордун (ICIMOD), Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун (ДМУ), Криосфера боюнча эл аралык климаттык демилгенин, Тоо өнөктөштүгүнүн катчылыгынын жана башка эл аралык уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү болду.
Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Саммит өтүп жаткан аянтчада уюштурулган Кыргыз Республикасынын улуттук күркөсүнө барды.
Күркөдө ишкердик жана эксперттик жолугушуулар, ошондой эле климаттын өзгөрүшү, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү, мөңгүлөрдү сактоо жана климаттык каржылоону тартуу сыяктуу маселелерге арналган тематикалык сессиялар өткөрүлүүдө.