Ошто үч эм жарык дүйнөгө келди

 Ошто үч эм жарык дүйнөгө келди

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында 3-ноябрда үч эм төрөлдү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, үч эмди Өзгөн районунун тургуну 1995-жылы туулган Үпөл Нажи кызы жарык дүйнөгө алып келген. Наристелердин экөө кыз, бири уул. Эненин үч эмден тышкары дагы бир кызы бар.

“34 жумалык болуп төрөлгөн наристелер дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, учурда абалдары туруктуу”, – деп айтылат маалыматта.

Үч эмдин үйүнө чыгарылышына байланыштуу иш-чарада президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Винера Раимбачаева жаш үй-бүлөгө 50 миң сом акчалай жардам жана белектерди тапшырды.

2026-жылдын тогуз айында Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында 6 миңге жакын ымыркай төрөлгөн. Алардын арасында 1 төрт эм, 4 үч эм жана 112 эгиз бар.

Связанный пост