Аба ырайы кескин өзгөрөт: Транспорт министрлиги айдоочуларга эскертүү жасады

 Аба ырайы кескин өзгөрөт: Транспорт министрлиги айдоочуларга эскертүү жасады

Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргызгидромет кызматына таянып, айдоочуларды жолдо этият болууга чакырды.

Ведомствонун маалыматына караганда, 10-ноябрда күндүз жана 11-ноябрда республиканын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. 10-ноябрда мезгил-мезгили менен жаан жаап, 11-ноябрда ал карга айланат, ал эми тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаап, туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге жетиши мүмкүн. Ал эми тоолуу аймактардагы жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Ал эми 11–13-ноябрларда абанын температурасы төмөндөп, төмөнкүдөй көрсөткүчтөр катталат:

  • Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн -4° сууктан …+1° жылуу, күндүз 2…7° жылуу;
  • Талас өрөөнүндө: түнкүсүн 0…-5° суукка чейин, күндүз 1…6° жылуу;
  • Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө: түнкүсүн 1…6°, күндүз 4…9° жылуу;
  • Ысык-Көл ойдуңунда: түнкүсүн -4° сууктан …+1° жылуу, күндүз 3…8° жылуу;
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында: түнкүсүн -4…-9° суукка чейин, күндүз 2…7° жылуу;
  • Республиканын тоо этектериндеги райондорунда: түнкүсүн -1…-6° суукка чейин, күндүз -4° сууктан …+1° жылуу;
  • Тоолуу райондорунда: түнкүсүн -4…-9° суукка чейин, күндүз -3° сууктан …+2° жылуу;
  • Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондорунда: түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7° суукка чейин төмөндөйт.

Аба ырайынын мындай шарты жолдордо көрүү аралыгын начарлатып, унаалардын кыймылына тоскоолдук жаратышы ыктымал. Буга байланыштуу министрлик айдоочуларга төмөнкү коопсуздук эрежелерин катаал сактоону эскертет:

  • Унаалардын ортосундагы коопсуз аралыкты сактоо;
  • Ылдамдыкты жолдун абалына жараша тандоо;
  • Кышкы дөңгөлөктөрдүн абалын текшерүү;
  • Алыскы жолго чыгар алдында унаанын техникалык абалына өзгөчө көңүл буруу.

“Урматтуу айдоочулар! Жол кыймылынын эрежелерин так сактап, аба ырайынын шарттарын эске алуу менен жолго чыгыңыздар”, — деп айтылат маалыматта.

Связанный пост