Амирдин өлүмү: Минкаб төрагасы окуяны тыкыр текшерүүнү тапшырды

 Амирдин өлүмү: Минкаб төрагасы окуяны тыкыр текшерүүнү тапшырды

“Ала-Арча” жаратылыш паркынын тоолорунда 14 жаштагы Амир Кунакуновдун каза болушуна байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгына болгон окуянын жагдайларын ар тараптуу текшерүүнү тапшырды.

Текшерүүдө жардам сураган сигналдын өз убагында кабыл алынып, тиешелүү кызматтарга жеткирилиши, издөө-куткаруу иштеринин уюштурулушу, бөлүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле техникалык каражаттардын жана адам ресурстарынын пайдаланылышы өзгөчө каралат.

Мындан тышкары, тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө жана текшерүүнүн жыйынтыгын коомчулукка өз убагында жарыялоо милдеттендирилди.

Жыйынтык боюнча уюштуруучулук жана системалык мүнөздөгү зарыл чаралар аныкталат, ал эми мыйзам бузуулар аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында тиешелүү чечимдер кабыл алынат.

Связанный пост