Садыр Жапаров президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн БШКга арыз берди
Президент Садыр Жапаров президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-ноябрга карата БШКга президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча жалпысынан алты арыз келип түштү.
Президенттикке талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 13-ноябрга чейин белгиленген.