Олимпиада чемпиондоруна жана байге ээлерине өмүр бою стипендия төлөнөт
Олимпиада чемпиондоруна жана байге ээлерине өмүр бою ай сайын стипендия төлөнөт. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Токтом 2027-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.
Токтомго ылайык, Олимпиада, Паралимпиада жана Сурдлимпиада оюндарынын алтын медаль ээлерине ай сайын 30 миң, күмүш байге ээлерине 25 миң сом, коло медаль ээлерине 20 миң сом берилет. Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча чоңдор арасында дүйнө чемпиону болгондор да 20 миң сом алат.
Өмүр бою берилүүчү төлөмдөр спорттук стипендиянын белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин башталат.
Спортчунун көрсөтүлгөн эки же андан ашык титулу болгон учурда өмүр бою ай сайын берилүүчү төлөм стипендиянын эң жогорку өлчөмү каралган бир гана титул үчүн төлөнөт.