Айлык акы баалардын өсүшүнө жараша индексацияланат: Эмгек кодексине өзгөртүү кирди

 Айлык акы баалардын өсүшүнө жараша индексацияланат: Эмгек кодексине өзгөртүү кирди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзамга ылайык, Эмгек кодексине төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилди:

Кызматкерлердин эмгек акысынын реалдуу өлчөмүнүн деңгээлин жогорулатуу товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын өсүшүнө байланыштуу эмгек акыны индексациялоо аркылуу камсыз кылынат.

Эмгек акыны индексациялоо тартиби республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу уюмдарды кошпогондо, жамааттык келишим, макулдашуулар же уюмдун локалдык ченемдик актылары менен аныкталат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Связанный пост