Кыргыз балына тышкы рынокто суроо-талап өсүүдө
2026-жылдын 10 айында Кыргызстандан 572,41 тонна табигый бал экспорттолду.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 247,68 тоннага көп. Өсүш 76,3%ды түздү.
“Тактап айтканда, былтыркы 10 айда өлкөдөн 324,74 тонна табигый бал экспорттолгон. Быйыл бул көрсөткүч 572,41 тоннага жетти”, – деп айтылат маалыматта.
Ошол эле учурда сүт азыктарынын экспорту 33 миң 466,58 тоннаны түзүп, 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миң 115,46 тоннага азайды.
Белгиленгендей, бул көрсөткүчтөр ата мекендик мал чарба жана кайра иштетүү тармагындагы продукциялардын тышкы рынокторго чыгарылышындагы өзгөрүүлөрдү чагылдырат.