1-декабрда “Ала-Тоо Резорт” ачылат

 1-декабрда “Ала-Тоо Резорт” ачылат

“Ала-Тоо Резорт” тоо лыжа курорту 1-декабрда ачылат. Бул тууралуу “Ала-Тоо Резорт” ААКтын өкүлү Аскат Чолпонбаев “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул убакытка чейин курортто жалпы узундугу 47 чакырымды түзгөн лыжа трассасын жана 6 асма жол ишке киргизүү пландалууда.

“Төрт категорияга бөлүнөт: жаңы үйрөнүп жаткандар, орто деңгээлдеги лыжачылар, кесипкөй спортчулар жана тоодо татаал ылдый түшүүлөрдү жактыргандар үчүн. Ошондой эле курортто 6 асма жол ишке кирет. B1 жана B2 көтөргүчтөрү гондолалык жана отургучтуу көтөргүчтөрдү айкалыштырган системага ээ болот. Алардын ар биринин узундугу 4 чакырымды түзөт”, – деди ал

Мындан тышкары, E көтөргүчү отургучтуу, ал эми C жана X көтөргүчтөрү сүйрөгүч типте болот.

Аскат Чолпонбаевдин маалыматына караганда, курорттун ачылыш аземине 10 миңден ашык конок келери күтүлүүдө. Ошондой эле келгендер үчүн концерттик программа даярдалат.

Связанный пост