Мыйзамсыз курулуштар: 190го жакын объект мыйзамдаштырылды
Кыргызстанда мыйзамсыз курулган 200дөн ашык объект аныкталып, алардын 190го жакыны мыйзамдаштырылды. Ошондой эле курулушу токтоп калган 40тан ашык көйгөйлүү объект боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге курулуш министри Нурдан Орунтаев билдирди.
Анын айтымында, өз алдынча курулган объектилер боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүп, жарандарга турак жайларын расмий каттоого жана пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
“Белгилүү болгондой, өлкө аймагында мыйзамсыз курулган 200дөн ашык объект жана курулуш иштери толугу менен токтоп калган 40тан ашык объект аныкталган. Мыйзамсыз курулуштар боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, алардын 190го жакыны мыйзамдаштырылды. Бүгүнкү күндө бул үйлөрдө жарандарыбыз жашап жатышат”, — деди Орунтаев.
Ал эми курулуш мөөнөтү өтүп кеткен жана иштери токтоп калган объектилер боюнча үлүшчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоо максатында кризиске каршы чаралар көрүлүүдө.
“Курулушу узакка созулуп кеткен объектилерге тышкы башкаруу киргизүү чечимдерин кабыл алып жатабыз. Бул компанияларды курулуш иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүгө жана объектилерди аягына чыгарууга милдеттендирүүгө мүмкүндүк берет. Мындай ири объектилердин бири катары “Дөөлөт курулуш” компаниясын атаса болот”, — деди министр.