Кыргызстан суу-мотор спорту боюнча эл аралык уюмга мүчө болду
Кыргызстандын Суу-мотор спорту федерациясы Эл аралык суу-мотор спорту союзунун (UIM) толук кандуу мүчөсү болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
UIM уюмунун президенти Рафаэль Кьюлли Кыргызстан менен узак мөөнөттүү кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, суу-мотор спортун биргелешип өнүктүрүүгө даяр экенин тастыктады.
Федерациянын толук мүчөлүккө кабыл алынышы Кыргызстанга эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө, дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө жана өлкөдөгү спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, бул кадам Кыргызстан үчүн гана эмес, жалпы аймакта суу-мотор спортун өнүктүрүү үчүн да маанилүү.