Орунтаев: Курулушу бүтпөй калган үйлөрдүн маселеси чечилет

 Орунтаев: Курулушу бүтпөй калган үйлөрдүн маселеси чечилет

Үлүштүк курулушка акча салган бир да жаран батирсиз же акчасыз калбайт. Мамлекет ар бир үлүш ээсинин укугун коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрөт. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Кабар” агенттигине билдирди.

Министр кыймылсыз мүлккө инвестиция салуунун ишенимдүүлүгү жана курулушу токтоп калган көйгөйлүү объектилер тууралуу суроолорго жооп берип жатып, мыйзамга ылайык жүргүзүлүп жаткан курулушка акча салуу коопсуз экендигин айтты.

Белгиленгендей, курулуш тармагы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү негизги багыттардын бири болуп саналат.

“Курулушка акча салууда тобокелдиктер болот. Бирок объект мыйзам талаптарына ылайык курулуп жатса, эч кандай кооптонууга негиз жок. Курулуш тармагы өлкө экономикасында чоң роль ойнойт. Эң башкысы — мыйзамдуулукту сактоо жана бардык талаптарды аткаруу”, — деди министр.

Курулушу токтоп калган объектилер тууралуу суроого жооп берип жатып, Нурдан Орунтаев мындай көйгөйлөр негизинен 2018–2021-жылдары курула баштаган үйлөрдө бар экенин айтты.

Ал белгилегендей, COVID-19 пандемиясынан улам айрым курулуш компаниялары олуттуу кыйынчылыктарга туш болгон. Ал мезгилде курулуш иштери токтоп, курулуш материалдарынын баасы кескин жогорулаган.

“Учурда биз жөнгө салуучу орган катары айрым объектилерге тышкы башкарууну киргизип, бир катар компанияларды катуу көзөмөлгө алып жатабыз. Бул ишти аягына чыгарып, ар бир объект боюнча көйгөйдү этап-этабы менен чечебиз. Үлүштүк курулушка акча салган бир да жаран батирсиз же төлөгөн акчасыз калбашы керек деген президенттин атайын тапшырмасы бар. Ар бир үлүш ээсинин укугун коргоо үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз”, — деди Нурдан Орунтаев.

Связанный пост