Курулушу жылдап токтогон 6 үй: Компанияларга тышкы башкаруу киргизилет
Screenshot
Бишкекте курулушу бир нече жылдан бери токтоп турган алты турак жай комплексинин маселеси каралууда.
Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, бул объектилерде жалпы 990 батир бар.
Министр Нурдан Орунтаев аталган объектилерге барып, батирлерин ала албай жаткан үлүш ээлери менен өз-өзүнчө жолугушту.
Маалыматка ылайык, алардын эң алгачкысы 2013-жылы Көк-Жар конушунда башталган 360 батирлүү комплекс. Калган объектилердин курулушу 2018–2022-жылдары башталган. Алардын арасында Жибек-Жолу, Мичурин, Куйручук жана Кипкалов көчөлөрүндөгү, ошондой эле Таш-Дөбө айылындагы турак жайлар бар.
Министрликтин маалыматына караганда, жакынкы убакта курулуш компанияларына тышкы башкаруу киргизүү боюнча чечимдер кабыл алынат. Ошондой эле компаниялардын уюштуруучулары менен жетекчилерине карата чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына кайрылуулар жөнөтүлөт.