Судьялардын иши эми 100 баллдык система менен бааланат

 Судьялардын иши эми 100 баллдык система менен бааланат

Жогорку сотто сот тутумунун эки жаңы санариптик платформасы тааныштырылды.

Мекемеден билдиришкендей, алар судьялардын ишмердүүлүгүнө кесиптик баа берүү жана жарандарды жетекчиликтин кабыл алуусуна онлайн жазуу үчүн санариптик платформалар.

Биринчи платформа судьялардын ишмердүүлүгүнө баа берүү процессин автоматташтырууга багытталган. Анда судьялардын кесиптик, жеке жана социалдык компетенциялары үч багыт боюнча бааланып, эң жогорку көрсөткүч 100 баллды түзөт. Ошондой эле соттук актыларды туш келди тандоо жана сот отурумдарынын видеожазууларын талдоо механизмдери каралган.

Экинчи сервис жарандарга Жогорку соттун жетекчилигинин жеке кабыл алуусуна интернет аркылуу жазылууга мүмкүнчүлүк берет.

Белгилей кетсек, эки платформа тең Жогорку соттун Маалыматтык технологиялар башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан.

Связанный пост