Президент Ала-Буканын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүүнүн келечектүү багыттары менен таанышты.

Мамлекет башчысына маалымдалгандай, Ала-Бука районунун өнөр жай тармагында өндүрүш көлөмүнүн өсүшү байкалууда. 2021-жылы бул көрсөткүч 4,4 млрд сомду түзсө, 2025-жылы 145,6%га өсүп, 10,9 млрд сомго жеткен. 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 12,5 млрд сомго чейин көбөйөрү күтүлүүдө.

Тартылган инвестициялардын көлөмү 2021-жылдагы 945,3 млн сомдон 2026-жылы 2,5 млрд сомго чейин өскөн.

2021–2026-жылдары райондо 51 объект пайдаланууга берилген. Алардын катарында жети мектеп, сегиз бала бакча, эки оорукана, эки фельдшердик-акушердик пункт, эки спорт залы, үч административдик имарат, музей комплекси, эки эс алуу паркы, алты кызматтык үй, эки көпүрө, эки маданият үйү жана мини-футбол үчүн 11 аянтча бар.

Учурда Кара-Үңкүр айылында демөөрчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен бала бакчанын курулушу жүрүүдө. Ошондой эле 2026-жылдын аягына чейин мектепти жана балдар искусство мектебин пайдаланууга берүү мерчемделүүдө.

2026-жылы райондо 147 ишкана ачылып, 226 жумуш орду түзүлгөн. 2021-жылдан 2026-жылга чейинки мезгилде 66 чакырымдан ашык жол асфальтталып, 29 айыл таза ичүүчү суу менен камсыздалган.

Ирригация тармагында ири курулуш жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, «Чанач-Сай» суткалык жөнгө салуучу бассейнинин экинчи кезегин жана жаңы «Сумсар-Сай» суткалык жөнгө салуучу бассейнин куруу каралган.

Өнөр жай жана тоо-кен тармактарына инвестиция тартуу боюнча иштер улантылууда. Мисалы, «Глобал Эко Грин» компаниясы алма концентратын кайра иштетүү жана шире өндүрүүчү ишкана курууну пландаштырууда. Долбоордун сметалык наркы 11 млн АКШ долларын түзөт. Анын алкагында 80ден 100гө чейин жумуш ордун түзүү пландалууда.

Тоо-кен тармагында «Чапчыма Голд» компаниясы алтынды бөлүп алуучу фабриканы куруу боюнча үч этаптуу долбоорду ишке ашырууну көздөөдө. 800 жумуш ордун түзүүгө мүмкүндүк бере турган долбоордун наркы 50 млн АКШ долларын түзөт.

Райондо күн электр станцияларын куруу да каралган. Айры-Там айыл аймагында 204 га аянтка күн панелдерин орнотуу пландалууда. Долбоордун кубаттуулугу 130 МВтты, инвестициялардын көлөмү 100 млн АКШ долларын түзөт.

Ынтымак айыл аймагында 183 га аянтка кубаттуулугу 100 МВт болгон күн электр станциясын куруу пландалууда. Долбоордун наркы 100 млн АКШ долларын түзөт.

Районду өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарынын бири — Ала-Бука айылына шаар статусун берүү. Бул инвестиция тартууга, жергиликтүү бюджетти чыңдоого, жол жана турак жай инфраструктурасын, санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү, өнөр жай, соода жана тейлөө чөйрөсүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.

Көйгөйлүү маселелердин катарында район борборуна заманбап оорукана, стадион жана автобекет куруу, канализация системасын тартуу, ошондой эле авариялык абалдагы мектеп имараттарын оңдоо зарылдыгы белгиленди.

Связанный пост