Президент Аксынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Аксы районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты.
Мамлекет башчысына Аксы районунда көрсөтүлгөн мезгил ичинде мамлекеттик жана жеке инвестициялардын эсебинен 78 объект пайдаланууга берилгени маалымдалды.
Мамлекеттик инвестициялардын эсебинен 65 объект пайдаланууга берилген. Капиталдык салымдардын көлөмү 3 млрд 435,7 млн сомду түзгөн. Ишке ашырылган объектилердин катарында 10 мектеп, 15 бала бакча, 1 маданият үйү, 1 аэропорт, 11 спорттук объект, 10 фельдшердик-акушердик пункт (ФАП), 3 административдик имарат, 6 кызматтык үй жана башка объектилер бар. Мындан тышкары, көрсөтүлгөн мезгил ичинде 178 чакырым жол асфальтталган.
Жеке инвестициялардын эсебинен 13 объект пайдаланууга берилген. Тартылган инвестициялардын көлөмү 888,3 млн сомду түздү. Алардын катарында 1 тигүү фабрикасы, туризм тармагындагы 3 объект, 2 чакан гидроэлектр станциясы (ГЭС), 1 тигүү цехи жана башка объектилер бар.
Мындан тышкары, райондо курулуш, ирригация жана энергетика тармактарындагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу уланууда. Учурда 11 мектептин, 2 бала бакчанын, 4 спорттук объекттин жана 4 административдик имараттын курулушу жүрүп жатат. Ошондой эле канализациялык жана тазалоочу курулмаларды куруу, 26 чакырым жолду асфальттоо, “Жел-Тийбес” насостук станциясынын узундугу 5,6 чакырымды түзгөн түтүктөрүн алмаштыруу жана башка долбоорлор ишке ашырылууда.
2021–2026-жылдары ирригациялык системаны өнүктүрүүгө 378,3 млн сом каралган. Анын ичинде 2026-жылы бул максаттарга 172,7 млн сом бөлүнгөн. Сугат жерлеринин аянтын кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Пландалган иш-чараларды ишке ашыруунун натыйжасында сугат жерлеринин аянты 7 400 гектардан 8 050 гектарга чейин көбөйөт.
Энергетика тармагында кубаттуулугу 250 МВт болгон күн электр станциясын куруу долбоорун ишке ашыруу пландалууда. Долбоорду Кош-Дөбө айыл аймагынын Сары-Жайык участогунда “Новтек Технология” ЖЧКсынын катышуусунда ишке ашыруу пландалган. Долбоорду ишке ашыруу үчүн 364,4 гектар жер тилкеси каралган. Инвестициялардын көлөмү 120 млн АКШ долларын түзөт.
Аксы районунда Кыргыз Республикасында ирригацияны өнүктүрүүнүн 2017–2026-жылдарга карата мамлекеттик программасынын алкагында Ак-Терек каналын куруу уланууда. Долбоордун жалпы наркы 900 млн сомду түзөт. Курулуш иштерин 2026-жылдын IV кварталында аяктоо пландалган. Долбоор ишке ашырылгандан кийин сугат жерлеринин аянты 4 408 гектарды түзөт. Каналдын жалпы узундугу 7,4 чакырымды, анын ичинде тоннелдин узундугу 2,44 чакырымды түзөт. Каналдын долбоордук өткөрүү жөндөмдүүлүгү секундасына 9 куб метр сууну түзөт. Долбоорду ишке ашыруу ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүүгө, айыл чарба жерлерин суу менен камсыздоону жакшыртууга жана аймакта айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.
Мындан тышкары, райондо туристтик объектилерге транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртууга, чек арага чектеш инфраструктураны өнүктүрүүгө жана соода аянтчаларын модернизациялоого багытталган долбоорлор ишке ашырылууда.