ИИМ аккаунттарды алдамчылардан коргоо жолун эскертти

 ИИМ аккаунттарды алдамчылардан коргоо жолун эскертти

Ички иштер министрлиги жарандарды интернеттеги аккаунттарын жана жеке маалыматтарын алдамчылардан коргоо үчүн эки факторлуу аутентификацияны күйгүзүүгө чакырат.

Ведомствонун маалыматына караганда, бул ыкма аккаунтка кирүүдө сыр сөздөн тышкары атайын тиркеме же бир жолку код аркылуу инсандыгын кошумча ырастоону талап кылат. Натыйжада сыр сөз башка адамдардын колуна түшүп калган учурда да аккаунттун бузулуу коркунучу азаят.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандарга ар бир аккаунт үчүн өзүнчө татаал сыр сөз колдонууну, ырастоо коддорун эч кимге бербөөнү жана аккаунтка кирген түзмөктөрдү үзгүлтүксүз текшерип турууну сунуштайт.

Эки факторлуу аутентификацияны күйгүзүү үчүн аккаунттун коопсуздук жөндөөлөрүнө кирип, “Эки факторлуу аутентификация” же “Эки этаптуу текшерүү” бөлүмүнөн ырастоо ыкмасын тандап, көрсөтмөлөрдү аткаруу керек.

Связанный пост