Парламентте 2027-жылга бюджет каралууда: Кийинки жылы киреше 728 млрд сомдон ашат
“2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралууда.
Документ Бюджеттик кодекске ылайык иштелип чыккан.
- 2027-жылга жалпы кирешелер – 728 млрд 295 млн 553 миң сом, жалпы чыгашалар – 695 млрд 809 млн 435 миң сом,
- 2028-жылга жалпы кирешелер – 826 млрд 969 млн 91 миң сом, жалпы чыгашалар – 781 млрд 488 млн 264 миң сом,
- 2029-жылга жалпы кирешелер – 884 млрд 868 млн 193 миң сом, жалпы чыгашалар – 831 млрд 320 млн 153 миң сом.
Жогоруда белгиленгендей, 2027-жылга республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 728 млрд 295 млн 553 миң сом суммасында же ИДПга карата 26,6 % өлчөмүндө каралууда. Республикалык бюджеттин кирешелери 2026-жылга бекитилген бюджетке салыштырмалуу 32,1 %га же 177 млрд 88 млн 397 миң сомго көбөйөт.
2027-жылы операциялык чыгашалардын өсүүсү күтүлүүдө. Бул өсүш негизинен эмгек акы төлөө фонду боюнча чыгашалардын, мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктерине учурдагы гранттардын, социалдык төлөмдөрдүн жана мамлекеттик карыз боюнча пайыздарды тейлөөгө чыгашалардын көбөйүшү менен шартталган. 2027-жылы эмгек акы төлөө фонду боюнча чыгашалардын көбөйүшү 2026-жылы бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча кабыл алынган чечимдерди толук көлөмдө финансылык камсыз кылуу зарылдыгы менен шартталган.
Мыйзамдын долбоору менен республикалык бюджеттин кирешелеринин бир бөлүгүн республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү аркылуу Турукташтыруу фондуна которуу суммалары төмөнкүдөй тартипте белгиленет:
- 2027-жылы – 20 млрд сом;
- 2028-жылы – 10 млрд сом;
- 2029-жылы – 10 млрд сом.
Бул каражаттар республиканы социалдык-экономикалык өнүктүрүү иш-чараларын каржылоого багытталат.
Мындан тышкары, 2027-жылга капиталдык салымдар боюнча чыгашалар 27 млрд 860 млн сом суммасында белгиленет, анын ичинде 17 млрд 860 млн сом Ысык-Көл облусундагы Барскоон – Бедел унаа жолун курууга каралат. 2028-жылы бул жолду курууга 17 млрд 900 млн сом, 2029-жылы да ушунча каражат бөлүнөт.
Ошондой эле, орто мөөнөттүү мезгилге мамлекеттик карызды төлөөгө олуттуу каражаттар болжолдонууда.
Мындан тышкары, мыйзам долбоору менен 2027-жылга карата төмөнкү эмгек акынын өлчөмү 9 800 сом, 2028-жылга – 10 400 сом жана 2029-жылга – 11 100 сом өлчөмүндө белгиленет.
Коомдук бюджеттик угуулардын жүрүшүндө майыптыгы бар балдарга, онкологиялык оорулар менен ооруган бейтаптарга колдоо көрсөтүү, дары-дармек каражаттары менен камсыздоо, оорулардын алдын алууну жана эрте диагностикалоону өнүктүрүү, ошондой эле гемодиализ маселелери көтөрүлгөн. Мыйзам долбоорун кароо боюнча министрлер кабинетинин жыйынынын жыйынтыгы менен бул багытты каржылоону 1 млрд сомго көбөйтүү чечими кабыл алынды.