Жыл башынан бери 70 чакырым газ түтүгү тартылып, 13 миң үй газдаштырылды

 Жыл башынан бери 70 чакырым газ түтүгү тартылып, 13 миң үй газдаштырылды

2026-жылдын башынан бери 70 чакырымдай газ түтүгү тартылды. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Энергетика министринин айтымында, газдаштыруу жана долбоорлоо-изилдөө иштери Ак-Босого, Эне-Сай, Жер-Ынтымагы Биримдик, Селекционное конуштарында жүргүзүлүүдө. Жалпысынан 13 миңдей турак жай газдаштырылды.

“2026-жылдын 9 айынын ичинде 373,4 млн метр куб жаратылыш газы керектелди. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37,5 млн метр кубга көп пайдаланылганын көрсөтүүдө”, – деди ал.

Рысбеков белгилегендей, өлкөдө газдаштыруунун деңгээли 46%га жетти. 2036-жылга чейин бул көрсөткүчтү 60%га жеткирүү пландалууда.

Связанный пост