Өлкөдө өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 685,4 млрд сомду түздү

 Өлкөдө өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 685,4 млрд сомду түздү

Тогуз айда Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 685,4 млрд сомду түздү.

Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча, 2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын өнөр жай ишканалары тарабынан 685,4 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,0%га көп.

Өндүрүштүн өсүшү төмөнкү тармактарда белгиленди:

  • Тамак-аш азыктары жана тамеки продукциялары — 9,4%га;
  • Фармацевтикалык продукциялар — 13,6%га;
  • Курулуш материалдары — 29,1%га;
  • Транспорт каражаттары — 39,4%га;
  • Жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдар, полиграфиялык продукциялар — 41,3%га;
  • Тазаланган мунай продукциялары — 1,9 эсеге;
  • Химиялык продукциялар — 2,3 эсеге;
  • Пайдалуу кендерди казуу — 7,3%га өстү.

Ошол эле учурда, Кумтөр кенинде алтындын курамы төмөн болгон зонаны өздөштүрүүгө жана өндүрүш көлөмүнүн пландуу төмөндөшүнө байланыштуу негизги металлдарды өндүрүү 1,7%га азайды.

Электр энергиясы, газ жана буу менен камсыздоо көлөмү 3,1%га, ал эми суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдаланылуучу чийки заттарды алуу көлөмү 19,6%га көбөйдү.

Өнөр жай өндүрүшүнүн ИДПны түзүүгө кошкон салымы 1,23 пайыздык пунктту түзүп, ИДПнын өндүрүш түзүмүндөгү үлүшү 18,5% болду.

Связанный пост