Марлен Маматалиев Айбек Дадебай менен жолугушту

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) жыйындарына катышуу үчүн Бишкек шаарына келген Казакстандын Курултайынын төрагасы Айбек Дадебай менен жолугушту.

Жогорку Кеңештен билдиришкендей, жолугушууда тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алышты.

Алгач Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Айбек Дадебайды Казакстан Курултайынын төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле төрага Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелер тарыхый достукка, боордоштукка жана өз ара ишенимге негизделгенин белгилеп, айрыкча соңку жылдары мамлекет башчыларынын саясий эркинин натыйжасында эки тараптуу кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн кошумчалады.

“Өлкө башчыларынын ортосундагы ишенимдүү диалог канатташ жашаган эки калктын стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштык мамилелерин бекемдөөгө өбөлгө түзүүдө. Эми биз парламенттер аралык кызматташтыкты да ушул жогорку деңгээлге ылайык өнүктүрүүбүз кажет”, – деди Марлен Маматалиев.

Муну менен катар үстүбүздөгү жылдын июнь айында Казакстанга жасаган расмий сапарынын жыйынтыктарына токтолуп, Парламенттер аралык кеңештин ишин активдештирүү, тармактык комитеттердин байланыштарын кеңейтүү жана эл аралык парламенттик уюмдардын алкагында кызматташууну күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө да өзгөчө көңүл бурулду.

Анын ичинен төрага Алматы – Ысык-Көл альтернативдүү автожолун куруу долбоорунун стратегиялык маанисин белгилеп, анын эки өлкөнүн транспорттук байланышын чыңдоого, соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө жана туризмди өнүктүрүүгө чоң салым кошорун айтты.

Мындан тышкары, Марлен Маматалиев кыргыз жана казак элдеринин руханий жакындыгына токтолуп, эки өлкөдө тарыхый инсандардын жана залкар калемгерлердин элесин түбөлүккө калтыруу багытында жүргүзүлүп жаткан иштерди жогору баалады.

Атап айтканда, Астана шаарындагы Манастын эстелиги, Бишкектеги Абай Кунанбаевдин эстелиги жана Чолпон-Атадагы Мухтар Ауэзовдун үй-музейи эки элдин ортосундагы маданий байланыштардын жаркын символу экенин белгиледи.

Муну менен катар көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын Астана шаарындагы көчөлөрдүн бирине ыйгаруу маселесин көтөрдү.

Өз кезегинде Казакстандын Курултайынын төрагасы Айбек Дадебай жылуу кабыл алып, көрсөткөн меймандостугу үчүн төрага Марлен Маматалиевге ыраазычылыгын билдирип, быйыл белгиленген Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгы жана өлкөбүздүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен да куттуктай кетти.

Тарыхый байланышы терең эки элдин алакасын чыңдоо Казакстандын негизги максаттарынын бири экенин айткан Айбек Дадебай стратегиялык өнөктөштүктүн алкагындагы маанилүү тармактарга токтолду.

“Биз калыптанган кызматташтыкты парламенттик дипломатия аркылуу улантып, тармактык комитеттердин, депутаттык достук топторунун, ошондой эле  КМШ ПАА, ЖККУ ПА жана ТүркПА өңдүү эл аралык уюмдардын алкагында да тыгыз иш алып барууга кызыкдарбыз”, – деди Курултайдын төрагасы.

Ошону менен катар маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү жаатындагы жагдайларга токтолуп, аталган багытта эки эл жигердүү иш алып барып жатканы боюнча бир катар мисалдарды келтирди.

Мындан тышкары, Айбек Дадебай көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымы Талды-Коргон шаарындагы көчөлөрдүн бирине ыйгарылганын маалымдады.

Жолугушуунун соңунда  Марлен Маматалиев кесиптешин Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырып, анын алкагында Парламенттер аралык кеңештин кезектеги төртүнчү жыйынын өткөрүүнү сунуштады.

Эскерте кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Дастанбек Жумабеков, Айгүл Ахмедова, Улукбек Карыбек уулу жана Азамат Исираилов да катышты.

Связанный пост