Кыргызстанга акыркы 3 жылда $11,8 млрд инвестиция тартылды
Кыргызстанда акыркы үч жылда жалпы суммасы 11,8 млрд долларды түзгөн 88 инвестициялык макулдашууга кол коюлду. Ал эми ушул жылдын башынан бери 3 млрд долларлык 29 макулдашуу түзүлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылы өлкөнүн экономикасы 11%га өсүп, ички дүң продукт 2 трлн сомго жеткен. Ошол эле жылы түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 27%га көбөйүп, 1,3 млрд доллардан ашкан.
“2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанга 709,9 млн долларлык түз чет өлкөлүк инвестиция тартылып, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,2%га көп болгон”,-деди ал.
Мындан тышкары, өлкөдө жаңы инвестициялык долбоорлордун портфели 23 млрд долларга жетти. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында инфраструктура, энергетика, социалдык чөйрө жана аймактарды өнүктүрүү багыттарында жалпы суммасы 475 млрд сомдон ашкан 100дөн ашык долбоор ишке ашырылууда.
“Кыргызстанда инвесторлор үчүн салыктык жана бажылык жеңилдиктер каралып, беш эркин экономикалык аймак иш алып барат. Ошондой эле өлкөнүн ЕАЭБге жана КМШга мүчөлүгү, Европа биримдиги менен болгон преференциалдуу соода режимдери инвесторлорго ири рынокторго чыгууга шарт түзөт”,-деп белгиледи Сабиров.
Ал эми 2020–2025-жылдары Кыргызстанга жалпы 5,9 млрд долларлык түз чет өлкөлүк инвестиция тартылган. Бул мезгилде өлкөгө инвестиция салган негизги мамлекеттердин катарына Кытай, Россия, КМШ өлкөлөрү жана Түркия кирген.