Ипотекалык батир берилгенден кийин кезек кандай тартипте жылат?
Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан батирлер берилгенден кийин тизмедеги жарандардын кезеги дароо жылбайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.
Маалымдалгандай, кезек тиешелүү жол-жоболор аяктап, маалыматтар жаңыртылгандан кийин өзгөрөт.
МИКтен кабарлашкандай, кезеги келген жарандардын белгиленген талаптарга шайкештиги кайрадан текшерилет. Текшерүүнүн жыйынтыгына жараша тиешелүү маалыматтар системага киргизилип, андан кийин кезек жылдырылат.
Кезектүүлүк боюнча маалыматтар жаңыртылгандан кийин өзгөрүүлөр “Түндүк” мобилдик тиркемесинде автоматтык түрдө чагылдырылат.
МИК белгилегендей, бул процесс белгилүү бир убакытты талап кылышы мүмкүн. Ошондуктан ипотекалык батирлер берилгенден кийин “Түндүк” тиркемесиндеги кезек дароо өзгөрбөй калышы мүмкүн.