Ош, Манас жана Баткенде студенттер үчүн жаңы жатаканалар курулат

 Ош, Манас жана Баткенде студенттер үчүн жаңы жатаканалар курулат

Ош, Манас жана Баткен шаарларында студенттер үчүн жаңы жатаканалар курулат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр Нурдан Орунтаев Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында жаңы жатаканалардын курулушу боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.

Долбоорго ылайык, Ош шаарында 9 кабаттуу 720 орундуу, Манас шаарында 9 кабаттуу 740 орундуу, ал эми Баткен шаарында эки блоктон турган 4 кабаттуу жатакана курулат.

Жыйында объектилердин долбоордук чечимдери, курулуштун сапаты жана мөөнөттөрү талкууланды. Министр имараттардын коопсуздугун жана сейсмотуруктуулугун камсыз кылып, долбоордук талаптарды так сактоону тапшырды.

Курулуш иштерин 2027-жылдын 31-августуна чейин аяктоо белгиленди.

Связанный пост