Таксист жана курьерлер 7 айда бюджетке 462 млн сом төктү
Кыргызстанда такси жана курьердик кызмат көрсөтүүчүлөр 2026-жылдын жети айында 231 млн сом салык жана 231 млн сом камсыздандыруу төгүмүн төлөштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди.
Анын айтымында, жалпысынан мамлекеттик бюджетке жана социалдык камсыздандыруу системасына 462 млн сом түшкөн.
“Такси жана курьердик кызмат көрсөтүп, маалыматтык системалар аркылуу киреше тапкан жеке жактар 1% киреше салыгын жана 1% камсыздандыруу төгүмүн төлөшөт. Камсыздандыруу төгүмдөрү алардын келечектеги пенсиясына эсептелет”, – деди ал.
Ысабеков белгилегендей, учурда бул тармакта 110 миң адам расмий иштеп жатат. Жаңы механизм 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып такси жана курьердик кызматтарды легалдаштыруу жана салык төлөөнү жөнөкөйлөтүү максатында киргизилген.