Соцтармактардагы диний мазмундагы материалдарга мониторинг жүргүзүлөт

 Соцтармактардагы диний мазмундагы материалдарга мониторинг жүргүзүлөт

Социалдык тармактарда диний темадагы так эмес маалыматтардын жайылышына жол бербөө максатында Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзөт. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз катчысы Жунусаалы Мырзалиев “Кабар” агенттигине билдиришти.

Анын айтымында, улуттук агенттиктин алдында атайын изилдөө борбору иштейт. Анын кызматкерлери жума сайын жана ай сайын аналитикалык маалыматтарды даярдашат.

“Эгер блогер же диний кызматкер социалдык тармактарга туура эмес маалымат жарыяласа, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Ал эми укук бузуулар болгон учурда тиешелүү органдарга кайрылынат. Социалдык тармактардагы жарыяларга мониторинг жүргүзүү биздин мекеме үчүн өтө маанилүү багыт болуп саналат”, — деп белгиледи ал.

Связанный пост