Ошто жарандарды тейлеген жаңы заманбап комплекс ачылды
Ош шаарында жарандарга бир нече мамлекеттик кызматты бир жерден алууга мүмкүнчүлүк түзгөн жаңы заманбап комплекс ачылды. Ал Көкүм-Бий көчөсү, 194-195А дарегинде жайгашкан.
Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришкендей, эки кабаттуу комплекстин А блогунда Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун Ош аймактык бөлүмү жайгашты. Бул жерде транспорт каражаттарын каттоо, мамлекеттик номерлерди жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү кызматтары көрсөтүлөт.
Ошондой эле техникалык кароо тилкеси, 60 орундуу күтүү залы, 62 орундуу теориялык экзамен залы жана 8,5 миң чарчы метрлик автодром каралган.
Б блогунда “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин калкты тейлөө борбору иштейт. Аянты 1,5 миң чарчы метр болгон борбордо 42 адис күнүнө 1,5 миңге чейин жаранды тейлей алат. Имаратта электрондук кезек системасы, эне жана бала бөлмөсү, касса, паспорт берүү бөлүмү, архив жана VIP-зал бар.
Объекттин курулушуна жер тилкеси Ош шаарынын мэриясы тарабынан бөлүнүп, иштер президенттин фондунун жана президенттин Иш башкармалыгынын каражаттарынын эсебинен каржыланган.