Сузак жана Чаткалдагы окуучулардын өлүмү: Атайын комиссия иш алып барууда

 Сузак жана Чаткалдагы окуучулардын өлүмү: Атайын комиссия иш алып барууда

Агартуу министрлиги Сузак жана Чаткал райондорунда окуучулардын каза болушуна байланыштуу жагдайларды тактоо үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, комиссия учурда жеринде иш алып барууда. Ошондой эле окуучулар арасындагы зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер күчөтүлгөн.

“Атап айтканда, “Э-Күндөлүк” мобилдик тиркемесине “Коркпо, билдир!” анонимдүү билдирүү функциясы киргизилген. Быйыл окуу жылынын алдында ата-энелер декадасы өткөрүлүп, “Ата-энелер мектеби” программасынын алкагында мектеп, ата-эне жана окуучунун байланышын бекемдөө боюнча иш-чаралар уюштурулган”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, жалпы билим берүү уюмдарынын штаттарына психолог кызматы киргизилип, окуучулардын психикалык саламаттыгын колдоого багытталган иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле 500 мектепте 3-5-класстын окуучулары үчүн шахмат ийримдери ачылган.

Министрлик зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча социалдык видеороликтер даярдалып, санариптик технологиялар аркылуу жайылтылып жатканын белгиледи.

Связанный пост